Лондондо 24 кабаттуу үй өрттөнүп кетти. Анын ичиндеги айрым жашоочулар сыртка чыга албай калышкан

Лондондун батыш жагындагы 24 кабаттуу үй бүгүн, 14-июнда өрттөндү. Чет элдик маалымат каражаттары Лондондогу өрттөн коргоо кызматына таянып, өрт имаратты толугу менен каптаганын жазууда.

Маалыматка ылайык, кырсыктан кеминде 30 адам жабыркаган деп болжолдонууда. Медициналык "Тез жардам" кызматы азырынча өрттөн жабыркагандардын так санын аныктай элек экенин кабарлаган. Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча 00:54тө башталып, 15 мүнөттөй убакыт аралыгында үйдүн бардык кабаттарына жеткен.

Би-би-си жазгандай, имараттын ичинде жашоочулар калып калган болушу мүмкүн. Ошондой эле үй кулап түшүү коркунучунда турат. 120 батир жайгашкан бул имараттагы өрттү өчүрүүгө 40 унаа, 200 өрт өчүрүүчү келген. Медициналык "Тез жардам" көрсөтүү кызматынын 20 экипажы иштеп жатат. Үйдө 600дөй адам жашаган. Учурда анын айланасы курчоого алынды.

Лондондогу 27 кабаттуу үй өрттөнүп, кулап калуу коркунучу жаралды (2)
Лондондогу 27 кабаттуу үй өрттөнүп, кулап калуу коркунучу жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nevestkaa
2017-06-14 13:42:45
Кудайым бөөөдө кырсыктан сактасын.Суранарым силердин жазаңар бул деп жазбагыла.Аллахым өзү билет кимди кандай жазалашты эч ким билбейт биздин башта эмне күн бар экенин.
+19
balykchy2012
2017-06-14 13:44:32
Аллахым тынчылык,бейпилдик бере көр баарыбызга.
+11
aidinaernur
2017-06-14 13:57:56
Тилсиз жоодон Кудай сактасын
+8
take.kg86
2017-06-14 14:27:07
Ооо аллахым тилсиз жоодон өзүң сакта
+5
erjigit-e.15
2017-06-14 14:28:14
аллахым озун сактай кор
+4
roland
2017-06-14 14:33:18
Жыгач отун жаккандай куйуптурго
+2
Gisi
2017-06-14 16:42:33
Керемет твдан коюп бертат туз эфир жаман болуптур каап
+1
Nuura-shirin
2017-06-14 16:48:56
Кудай сактаа, жабыркагандар коп эле болуш керек ичинде калгандар тируулой куйуп кетеби? Жараткан ОЗУ сактасын боодо кырсыктан
+2
Neizvestno777
2017-06-14 17:05:29
Бул жыгачтан курулган коп кабаттуу уй окшойт ,бетон да ушунча куйобу
0
jbolotov
2017-06-14 17:24:55
Улуу британия дегенчелик барда орт очурууго 40 машинасы бар экен. Бизде былтыр 12этаждын крышасы ортонду эле ошого жететурган техника жок уят эле болдукго
+3
Kroxa
2017-06-17 04:10:04
Аша куноолу деп койгула....бизле куйгон болсо Аша барып орт койгондой эле жазышмак...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан