"Күткөн энеге "мен барам, апа" деп ыйлаган жигит калпычы" дейт окурман
Интернетке видеосу жарыяланып "мен барам, апа" деп ыйлаган адам жалган сүйлөп жатат деп 14-июнда SUPER.KG порталына "Ачык эшик" кайрымдуулук фондунун төрагасы Давлет Нарматов билдирди.
Анын айтымында, видеодогу жаран Бишкекте жашап жүргөндө тааныш адамдарын көп алдап жүргөндүктөн аны Афоня деп атап коюшкан.
"Мен видеодогу баланы абдан жакшы билем. Ал Атамкулов эмес экендигине 100 пайыз кепилдик берем. Бул бала спирт ичимдигин ичип кеткени ырас. Ал менин үйүмдө 1 жарым жыл жашап жүргөн. Аты Шавкатбек Узгенбаев. Муну "Орто-Сай", "Ош" базарындагы селсаяктар абдан жакшы таанышат. Ал алдамчылыкты өздөштүргөн 1984-жылы туулган жигит. Бир убакта мен аны шаардагы жылуулук өтүүчү түтүктөрдө буту күйүп жаткан жеринен таап үйгө алып келгем. Азыр анын паспорту Бишкектеги наркологияда күрөөдө жатат. Эгерде интернетке видеосу жарыяланган адамдын так дарегин тапсам бүгүн Екатеринбургга учуп барып мекенибизге алып келгенге даярмын", - деп кошумчалады Нарматов.
Айта кетсек, 19-майда интернет айдыңына Орусияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон баласын күткөн эненин видео аркылуу кайрылуусу тараган эле. Анда "Уулум, Замкөөбай, сени сагындым. Бир көрүп өлсөм, арманым жок эле" деп эненин ыйлаганын көрүүгө болот. 3,5 жыл мурун Орусияга иштегени кеткен Замирбек Атамкуловдон ушул күнгө чейин маалымат жок болуп жаткан.
Бүгүн кайра социалдык тармактарга "мен барам, апа" деп ыйлап, кайрылуу жасаган жигиттин видеосу тарады. Интернет колдонуучулары аны энеси издеп жаткан Замирбек Атамкулов деп болжолдошкон.