Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чагылган тийген адамдын мээсиндеги кан тамырлары жарылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук клиникалык бейтапкананын директору Жаныбек Карабаев билдирди.
"Чагылган тийип бейтапканага жаткырылган тургундун баш мээсиндеги тамырлары жарылып, кан уюп калганы аныкталды. Анын абалы дале оор. Эс-учун жоготкон абалда 30 сааттан ашык убакыттан бери жатат. Бирок бейтап атайын аппараттын жардамы менен эмес, өз алдынча дем алууда", - деп билдирди Карабаев.
Эске салсак, буга чейин Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Орто-Азия айылынын 1995-жылы туулган жашоочусу чагылган тийип, эс-учун жоготкон абалда бейтапканага жаткырылган.