Тайбэйдин Тайчунг шаарында өтүп жаткан жаштар арасында Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова чемпион аталды.
Спортчубуз 67 килограмм салмакта күрөш жүргүзүп, 3 атаандашын удаасы менен жеңген.
Финалда Мээрим Жуманазарова өзбек балбаны Бактыгүл Балтаниязованы 10:0 эсебинде жеңип алды. Мелдеш кечээ, 16-июнда орун алган.