2017-жылдын 18-июнуна карата эки жаран Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз жазышты. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Алгачкылардан болуп 16-июнда президенттикке өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1961-жылдын 20-мартында туулган, “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти Назарбек Нышанов кайрылган. Ал эми 18-июнда 1958-жылдын 22-декабрында туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин арызы түштү”, - деп билдирет БШКнын басма сөз кызматы.
Ошондой эле президенттик жарышка катышуу үчүн арыз жазгандарды талапкер катары каттоо жагын комиссия чечери маалым болду.