КҮНСЕРЕП: Сооронбай Жээнбеков шайлоого жакын "характерин" көрсөттү

Бүгүн, 20-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапары менен Москвага барды. Барары менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин сый тамагында болуп, эркин форматта сүйлөшүү жүргүздү. Ажонун "мамлекеттик" деп аталган жогорку статустагы 5 күндүк сапары формалдуу иш-чаралар менен уланууда. Бул визит президенттиктен кетерине 5 ай калган Атамбаевдин Орусияга соӊку сапары болот. Акыркы 6 жылда Кыргыз-Орусия мамилеси кантип өнүктү, кандай жыйынтыктар болду?

Алмазбек Атамбаев 2010-жылы премьер-министр кезинде дебюттук сапарын дал ушул Кремлден жасаган. Президенттик жарышка түшкөндө Орусиядан колдоого ээ экенин жашырбай, Бишкектин көчөлөрүнө Орусия лидери менен бирге түшкөн сүрөттөрү илинген. Ал эми президент катары биринчи сапары менен 2012-жылдын башында Түркияга барган. 2012-жылы Орусия тарап менен келишим түзүлүп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоору башталган. Старттын алдында анын бир канча миллиард доллар турган долбоор экендигин, мунун эсебинен жумуш орундары түзүлүп, экономика көтөрүлөрү күпүлдөп айтылганы эсте. Атамбаев курулушту өзү баштап берип, долбоор тарыхый мааниге ээ экенин жар салган эле. Долбоор тарыхта калды, бирок ишке ашпаган, атүгүл Кыргыздын моюнуна 37 миллион доллар карыз илген долбоор катары. Мурдагы президент Курманбек Бакиев Орусияга убада берип, бирок чыгара албаган АКШнын Бишкектеги аскердик базасы Атамбаевдин тушунда жабылып, өлкөдөн чыгарылды. Атамбаев бийликте турган жылдары Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке кирди. Ажо "газ тармагын Орусияга берсек, мынчалык кор болбойт элек" дегенден көп өтпөй "Кыргызгаз" ишканасы Орусиянын "Газпром" компаниясына символикалык түрдө 1 долларга сатылды. Газ тармагына Орусия 20 миллиард рубль инвестиция салмак. Айтылган инвестиция толугу менен ишке ашары белгисиз. Ошондой эле соӊку 6 жыл аралыгында Орусиядан аскердик техника жаатында жардам алынды. Башында бул тууралуу орусиялык басылмалар “Москва Бишкекке 1,1 миллиард долларлык курал-жарак жөнөтөт” деп жазышкан болчу.

Айтылган сөздөрдүн өтөсүнө чыккан бөлүгү да бар. Булар өлкөгө тартылган инвестициялар, бюджетти колдоо жана башка максатта берилген каражаттар. Мисалы, 2012-жылы Орусия өкмөтү Кыргызга бюджетти колдоо үчүн 25 миллион доллар грант бөлгөн, андан тышкары 490 миллион доллардын тегерегиндеги карызды кечкен. ЕАЭСке кирүү алдында 200 миллион доллар техникалык жардам, уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду, жогоруда сөз болгон аскердик техникалар – Орусиядан алынган жардамдардын сап башында.

Соңку визитке кайтып келе турган болсок, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган жылдары эӊ көп Орусияга, андан кийин Кытайга расмий сапарга чыккан. Ушул жылдын эсебинен эле Атамбаев Путин менен 4-ирет, президенттик мөөнөтүндө 21-жолу жолугушуп жатат. Бирок бул сапары анын Орусияга жасаган биринчи мамлекеттик сапары. Анын алкагында өтө деле маанилүү документке кол коюу каралбаганы үчүн эксперттер бул жолку сапардын башкы максатын Кыргыздын кийинки президенти боюнча Кремль менен акылдашуу болот деп жатышат. Тагыраагы көшөгө артында КСДПдан президенттикке талапкер болуучу Сооронбай Жээнбековго Москвадан колдоо суралат деп күтүлүүдө...

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында кечээ газ саткан жай өрттөнүп 2 адам каза таап, 8 адам жаракат алды. Факт боюнча "жарылуу коркунучу бар заттардын сактоо эрежелерин бузуу", "өрт коопсуздугу боюнча эрежени сактабагандык" беренелерине ылайык кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө. Ушул жылдын апрель айында Бишкекте айдоочу автоунаасы менен 2 мектеп окуучусун сүзүп, балдардын өмүрүн дарыгерлер сактап калышкан эле. Бул окуядан кийин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын коопсуздугу боюнча тийиштүү органдардын жетекчилерин чогултуп, жол кырсыктарын азайтуу боюнча сунуштардын топтомун иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Май айында Ош шаарындагы сейил бактардын биринде аттракцион кулап, 8 адам жаракат алган. Кырсыктан кийин Ош мэриясы шаардагы аттракциондордун техникалык абалын, коопсуздугун текшерүү тапшырмасын берген. Ысык-Көлдөгү жарылуудан кийин өкмөт башчы Жээнбеков бардык газ өткөрүү станцияларынын коопсуздугун текшерип чыгууну, талапка жооп бербегенин жаап салууну буюрду. Кыргыз кырсыктын алдын алууну качан үйрөнөт? Кайдыгер, ишине шалаакы мамиле кылган чиновниктердин же жетекчилердин айынан дагы канча өмүр кыйылышы керек? Газ сатуучу жайдын же балдар ойноочу аянттагы жабдуулардын коопсуздугун күн мурун текшерип коюу кыйын иш эмес. Болгону жооптууларда жоопкерчиликтин жоктугу, сөзсүз кырсык катталып, анын коомчулукта резонанска айлангандан кийин ойгонуусу себеп болуп жатат...

Интернет желесинде Сооронбай Жээнбековдун чиновникти жыйындан кууп чыкканы тартылган тасма кызуу талкууланууда. Өкмөттө өлкөдөгү табият кырсыктары талкууланган кеӊешме өттү. Жыйынга даярдыксыз келген Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаров өкмөт башчыдан катуу жеме угуп, залдан куулду. "Эу, чык эшикке! Бар!" деп кызууланды премьер. Чиновник залдан чыгып кетти. Албетте, тийиштүү милдетин аткарбай, ишине шалаакы мамиле жасаган чиновниктерге катаал чара колдонуу туура. Бирок мурда-кийин Жээнбековдон мындай шардыкты, чечкиндүүлүктү көрбөгөн көпчүлүк премьердин "жандана түшүүсүн" алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырып жатышат. "Соке, шайлоо жакындап калдыбы?" деп окуяны күлкү катары кабыл алгандар да чыкты. КСДПнын саясий кеӊеши президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү чечимине келгени белгилүү. Ошондуктан анын жүрүм-турумунан үгүт кампаниясынын элементтерин издөө күчүндө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан