Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьеводо болгон жарылуудан жабыр тарткандардын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын директору Алмира Алдашева билдирди.
"Ооруканага жарылуудан жабыр тарткан 7 адам түшкөн. 5 адам жандандыруу бөлүмүндө болчу. Кийин 1 адамды хирургия бөлүмүнө котордук. Абалдары туруктуу оор. Учурда дары-дармектер, кан жетиштүү", - дейт Алмира Алдашева.
Андан сырткары Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы жарылуудан каза болгон 52 жаштагы адам жана 10 жаштагы уулу Чүй облусунун тургундары экенин кабарлады.