Орусия Кыргыздагы бардык карызын кечти

Орусия Кыргыз мамлекетинин 240 миллион доллар карызын кечти. Тийиштүү протоколго 20-июнда Москвада Кыргыздын каржы министри Адылбек Касымалиев менен Орусиянын каржы министри Антон Силуанов кол койгону белгилүү болду.

Карызды кечүү келишими 2012-жылдын 20-сентябрында түзүлгөн. 2017-жылдын 30-мартына карата Кыргыз мамлекетинин Орусияга болгон карызы 240 миллион долларды түзгөн, протоколдун күчүнө кириши менен аталган карыз 100 пайыз жоюлат. Эми документти эки өлкөнүн парламенттери карайт.

Маалыматка таянсак, акыркы 11 жыл аралыгында Орусия Кыргыздын 703 миллион доллар карызын кечкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан