Жогорку Кеңеште депутаттар чогулбай жыйын жыйынтыкталды

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар кворум жок жыйынды жыйынтыктоону сунушташты. Улуттук банктын 2016-жылдагы иши жөнүндө отчёт берилип жаткан. Депутаттар банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго суроолорун беришти. Жыйында болжол менен 15ке жетпеген эл өкүлү катышты.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу депутаттарга караганда отчёт бергенге келгендер көп экенин айтты. Жыйынтыгында кворум жок болгондугуна байланыштуу каралбай калган маселелер эртеңкиге жылдырылды.

Айта кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында президентти шайлоого тиешелүү токтомдор тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы угулмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
wwwbaxa
2017-06-21 18:46:07
келбегендердин айлыгын кармап калыш керек да эч болбосо б.к курсактар бекер айлык жеп олтурат иштебей эле.
0
dina1983-19
2017-06-22 02:15:56
wwwbaxa, Туура айтасысыз мен ушул маселени көптөн бери айтып келем. Келбегендердин айлык акысын кыскартуу керек. Мугалим баласы ооруп же жакшылык жамандык иштери менен жумушка келбей калса ошол келбей калган күнү үчүн айлык акы жазылбайт (айлык акы албайт) мыйзам баарына бирдей болуш керек. Бул чоң сөрөйлөр дем алып Анталияда жүрүп айлык алып жеп жатышат.
Ушул маселени көтөрүп чыккан бир мекенчил элин ойлогон адам болгондо
0
kenjebek_a
2017-06-21 20:50:50
Бир кун бекер кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан