Өздүк булактарыбыздан алынган маалыматка караганда, Чыныбай Турсунбеков КСДПнын атынан эмес, президенттик шайлоого өз алдынча барууга камынууда.
Расмий маалыматтар боюнча Турсунбеков КСДПнын төрага орун басарлык кызматынан бүгүн кеткени белгилүү болду.
SUPER.KG Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы менен байланышканда, ал жакынкы убакта жогорудагы маалыматтарды тактап берерин билдирди.
Ал эми КСДПнын саясий кеңешинен билдиришкендей, Турсунбеков саясий кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан кетүүнү өзү сунуштаган жана партиянын катарында кала бермекчи.