Орусия Кыргызга жана Казакстанга аскерлерди Сирияга жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын коргоо боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шамановго таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Орусия Казакстан жана Кыргыз Республикасы менен Сирияга аскерлерди жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөргө даярданууда. "Орусиянын аскер полициясынын өкүлдөрүн Сирияда тартипти орнотуу боюнча иштерге катыштыруу маселеси каралып жатат. Мындан тышкары Казакстанга жана Кыргыз өлкөсүнө болгон сунуштар, суроолор боюнча иш жүрүүдө. Бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Сүйлөшүүлөрдү баштоого ниеттер бар. Чечим азырынча кабыл алына элек", - дейт орусиялык депутат.
Ошондой эле ал Түркия менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
Буга чейин Түркиянын президентинин өкүлү Ибрагим Калын орус тарап Кыргыздын жана Казакстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүүнү сунуштаганын жазышат басылмалар.