Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунда "В" тайпасында 2-турдук оюндар орун алды. Анда Дүйнө чемпиону Германия менен Чили кез келди. Эки мыкты команданын оюну кызуу өтүп, көрүүчүлөргө кызыктуу футбол тартуулашты.
Оюндун 6-мүнөтүндө Алексис Санчес эсепти ачканга үлгүрдү. Чабуулун күчөткөн немис футболчулары эсепти 41-мүнөттө теңешти. Ларс Штиндль айырмаланды. Экинчи бөлүктө эсеп өзгөргөн жок. 1:1, эки команда упай бөлүштү.
Тайпалык оюндардын экинчисинде Камерун менен Австралия да 1:1 эсебинде тең чыгып, бирден упайга ээ болушту.