Кыргыздын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Сирияга аскерлерди жөнөтүү маселеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-июнда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, учурда бул маселе күн тартибинде жок. "Аталган жыйында Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин жөнөтүү эмес, ЖККУнун тынчтык орнотуу контингентин Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок бул боюнча бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу түшө элек", - деди Жумакадыров.
Айта кетсек, "Орусия Кыргызга жана Казакстанга аскерлерди Сирияга жөнөтүүнү сунуштады" деп орусиялык басылмалар Мамлекеттик Думанын коргоо боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шамановго таянып жазып чыгышкан.