Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери жетекчисинин жумуштан кетүүсүн талап кылышууда

Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү федерациянын азыркы жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жумуштан кетүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда өткөн маалымат жыйынында айтылды. Федерациянын кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Асанакунов жетекчи болуп дайындалгандан бери коррупциялык иштер жасалып, өтмүшү күмөн жараткан адамдар кызматка алынып жатканын белгилешти.

Кеңештин мүчөсү Канатбек Осмонов жетекчинин быйыл январь айында КРнын Өкмөтү тарабынан сунушталып шайланганын, буга чейин эки жолу Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштегенин билдирди. Анын айтымында, мындан бир жума мурда ага жетекчилик тарабынан коркутуулар болгон.

"20-июнда федерациянын кызматкерлеринин отуруму болмок. Ал башталарда мени Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында иштегендер сыртка чыгуума тоскоол болушуп, кармап турушту. Чогулуш бүтөйүн деп калганда гана коё беришти", - деди ал.

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү Мирбек Асанакуновдун жетекчилиги алдында жөнөкөй кызматкерлер негизсиз жумуштан кетирилип, алардын ордуна соттолгон адамдар киргизилгенин баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан