Бүгүн 19:00дө SUPER.KG порталынын түз эфирине жактоочулар келишип, сот процесс боюнча түшүндүрүп берип жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн жана кантип соттоп жатышат? Ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго соттук процесстерге катышып жаткан жактоочулар Таалайгүл Токтакунова жана Канат Азиз жооп беришүүдө.
Белгилей кетчү жагдай, SUPER.KG порталы ушул эле соттук процесстердин жүрүшү тууралуу мамлекеттик айыптоочулардын да пикирин угууга даяр.