"Кемаль өлгөн жок". Ал чыныгы жашоодогу сүйүктүүсүнө үйлөндү (фото)

Түрктөрдүн "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara sevda") сериалынын жылдызы, кинодогу өлүмү менен дүйнөнүн төрт бурчундагы күйөрмандарын ыйлаткан актёр Бурак Өзчивит сүйүктүүсү, актриса Фахрие Эвженге кечээ, 29-июнда үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жылдыздардын үлпөт тою Босфор булуңундагы деңиз жээгинде жайгашкан Sait Halim Paşa вилласында өткөн.

Түгөйлөрдүн сүйүү романы үч жыл мурда башталган. Ал эми ушул жылдын жаз мезгилинде тойдун качан болору белгилүү болгон.

Ал эми интернет колдонуучулары да жөн калбай Фахрие Эвжендин үлпөт көйнөгүн Бурактын "Түбөлүктүү сүйүүдөгү" сүйүктүүсүнүн образын жараткан Неслихан Атагүл өзүнүн тоюнда кийген көйнөгүнө окшоштуруп, талкууга алышты.

Эске салсак, буга чейин түркиялык басылмалар орусиялык модель Виктория Боня Фахрие менен Бурактын үйлөнүү тоюн бузуп жибере жаздаганын жазып чыгышкан. Алар моделдин түрк актёрунун жана ал тартылган сериалдын күйөрманы экенин, мындан улам ал актёрдун социалдык тармакка киргизген ар бир сүрөтүнө "жакты" белгисин басып, билдирүү калтырып турарын жазышкан. Бул нерсе Бурактын сүйүктүүсүн ачуулантып, анын айынан бир нече жолу катуу урушууга чейин барышкандыгы айтылган.

"Кемаль" чыныгы жашоодогу сүйүктүүсүнө үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Begmat1992
2017-06-30 09:52:33
Буту оло чон екенби 52чи размер окшойт
0
nazi25
2017-06-30 10:26:31
Чындап эле Неслихандын көйнөгүнө окшош кийиптир неге а?
0
aianaaiana
2017-06-30 10:51:37
Неге Неслихандарга окшоп кийинип алышкан же атайын кылыштыбы?
0
kechirmeni
2017-06-30 12:19:36
Уфф ушу турктордун сериалдары бесит да
+5
Zulya2
2017-06-30 14:46:44
Бактылуу болгула туболук суйуу болсун анан кооп балалуу болгула....
+2
Farm94
2017-06-30 15:39:01
Бактылуу болушсун эмне койнок окшош боло берет да .кадир м.н неслиханга караганда Бурак м.н Фахрие оздорун жакшы жагынан коргозгон оор басырыктууу актерлор деп ойлойм Кадир м.н Неслихан бир аз женил ойлуу ачык кадырларды коп аткарышат
0
kalima88
2017-07-03 04:43:36
Менин кызым ушуну сүйөм деп күйгүзөт,дептерлерин сатып алат, күлүп бүтпөйсүң, киши. Тууганыбыз Балибей болуп чалып," таанышайлы " десе,"видеовызовдон чалчы ,мурутуң барбы,сен кыргызча билесиңби ?" деп сүйлөшүп,акесинин шаштысын кетирген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан