Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "президенттин аброюна шек келтирди" деп айыпталган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова менен "Заноза" сайтынын соту өтүүдө.
Анын жүрүшүндө прокурор сотко кайрылып: "Жакупованын 30-марттагы тегерек столдо айтылган сөзүн Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирет деп таап бериңиз. Ал жерде айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Мисалы, кадыр-баркына доо келтирген сөздөр: "маньяк", "президент Конституцияны сыйламак тургай окуган эмес" жана башкалар. Бүгүнкү соттун жүрүшүндө "Заноза" сайты тарабынан сөздөрдү орун алмаштырып сөз оюндары болгону аныкталды. Макаланы чындыкка дал келбейт деп таап, жооптуу адамдарды 3 миллион сомдон моралдык чыгым катары төлөтүп берүүңүздү өтүнөбүз. Макалада же Жакупованын сөзүндө президент деп так айтылбаса да, макалада сөз президент тууралуу болгон. Ал эми Чолпон Жакупова сөз эркиндигин ашыкча колдонуу менен президенттин кадыр-баркына доо келтирген", - деди мамлекеттик айыптоочу.
Жактоочуга сөз берилгенде ал: "Жакупова тегерек столдун катышуучусу катары эле оюн айткан. Башкы прокуратура Чолпон Жакупова "мындай айтты, андай айтты" деп соттун ордуна чечим чыгарып жатышат. Эгер президенттин кадыр-баркына шек келтирген деген эксперттин жыйынтыгына карап көрсөк, ал соттук экспертизанын жыйынтыгы эмес, илимий көз караш катары бааласак болот. Чолпон Жакупованын сөзүндө президенттин аты да айтылган эмес, анан кантип иш козгоого болот? Моралдык чыгым катары 3 миллион сом деп бааланыптыр, аны кайдан таап, эмнеге таянып аныкташты? Эмнеге 100 миң эмес же башка сан эмес? Доо арызды толугу менен жокко чыгарууну өтүнөм", - деди жактоочу.
"Занозанын" түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып: "Жакупованын тегерек столдо айтканын "Заноза" жазып берди, бирок төлөп берүүчү чыгым бирдей болууда. Ушундай болуп жаткан соттор саясий куугунтуктун бир бөлүгү катары баалайм. Сөз эркиндигин чектөөгө алуу авторитардык башкарууга алып келет", - деди Айып.
Жыйынтыгында судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип кайтып келген соң чечимин окуду. Ага ылайык, сот Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырды.
Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрдүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон.