Орусияда өткөн Конфедерациялар Кубогунун финалында немис футболчулары чилиликтерди утуп кетишти. Бул тууралуу эл аралык Футбол федерациясынан кабарлашты.
Финалдык оюн Санкт-Петербургдагы "Санкт-Петербург Арена" стадионунда өтүп, Йоахим Лёвдун командасы Чилинин улуттук курамын жеңди. Оюн 1:0 эсебинде жыйынтыкталды, жалгыз голдун ээси Ларс Штиндль. Ал оюндун 20-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына гол киргизген. Германия Конфедерациялар Кубогун алгачкы ирет утуп алды.
Эскерте кетсек, кечээ, 2-июлда Португалия менен Мексиканын курамалары 3-орун үчүн ойношуп, 2:1 эсебинде португалиялыктар жеңип кетишкен.