Актриса жана модель Аида Чоткараева Түштүк Африканын Дурбан шаарында 26-августтан 3-сентябрга чейин өтө турган "Аалам сулуусу 2017" сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу сулуулук сынактарын уюштуруп келген Рыскүл Намазбекова SUPER.KG порталына маалымдады.
"Бул сынакка катышуу үчүн 1-июль күнү тизмени берүү зарыл болчу. Биз быйыл бир аз кечигип калгандыктан Кыргыз жеринин атынан эч ким катышпай калбасын деп, өзүм моделдерге сунуштап көрдүм. Алардын арасынан Аида дароо макул болуп, өзү да бул сынакка катышууну кыялданып жүргөнүн айтты. Сынакка былтыр 75 мамлекеттин сулуулары катышса, быйыл 80 өлкөдөн катышуучулар болот", - деди Намазбекова.
Ал эми Аида Чоткараева өзү Кыргыз жери башка мамлекеттерге бир гана табияты менен эмес, сулуу жана акылдуу кыздары менен да даңкталуусун каалап жатканын билдирди.
"Сынактын темасы "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү" деп аталат. Мен ушул маселени чечүүгө аз да болсо салым кошкум келет. Алдымда чоң жоопкерчилик турганын сезип, абдан толкунданып жатам. Негизги максатым - Кыргыз өлкөсүн татыктуу көрсөтүү", - дейт модель.
Белгилүү болгондой, сынакка 24 жаштан 50 жашка чейинки үй-бүлөлүү айымдар катыша алат.
Аида Чоткараева учурда үй-бүлөлүү, 1 уулдун апасы. Ал "Сулуулар жана миллион", "Ашыктык асманы", "Браво" тасмаларында роль жараткан.