Баткенде "уурулугун жашыруу үчүн 10 жана 9 жаштагы балдарды муунтуп өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 5-июль күнү саат 15:30 чамасында Баткен шаарында болгон. Анда 1996-жылы туулган Болотбек аттуу жаран эки кабаттуу үйгө уурулукка кирип, аны көрүп калган 10 жана 9 жаштагы балдарды муунтуп өлтүрүп, качып кеткен.
"Азыркы тапта кылмышка шектүү кармалып, кылмыш иши козголду. Ал мурда да сот жообуна тартылган", - деп билдиришти ИИМден.