Кара-Суу райондук соту милиция кызматкери Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелген Кадырбек Досоновду актады

Кечээ, 6-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу райондук соту милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелген Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун ишин карады. Анда райондук сот Досоновду актаган.

Кадырбек Досонов Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен айыпталып жаткан.

Ал 2015-жылдын 16-апрелинде кармалган.

Айта кетсек, 2013-жылдын 11-январында милиция кызматкери Т.Шоноевди белгисиз адамдар үйүнө келе жатканда атып кетишкен.

Буга чейин "Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып, К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев 20 жылга, ал эми С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга кесилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot7
2017-07-07 12:55:38
Сотту криминал паралап сатып алды же коркутту. Ошол учун актап жиберди деп ойлойм. Кыргызстанды байлар менен олигархтар башкарып жатканынын дагы бир далили...
+5
Patriot7
2017-07-07 15:29:09
Patriot7, бай-олигархтар менен криминалдар башкарып жатат деп жазуум керек эле.
+2
Patriot7
2017-07-07 12:57:18
Женго, эгер чын эле адам олумуно тиешен болгон болсо, бул дуйнодо сотун башкасын сатып алышын мумкун, бирок акыретинди ойло, ал жакта сен сатып алаар эч ким жок...
+5
kamchatka
2017-07-07 17:07:12
Женго эртен шайлоого керек болуп жатса керек ездбукаларга ошол учун акталдыда!
+2
kuba.kq8705
2017-07-08 13:42:20
классташ достору кирип кетти турмого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан