Ленин райондук сотунда сабалган конвой милицияга арыз жазды

Ленин райондук сотунда сабалган конвой милицияга арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Сабалган конвойдун денеси көк-ала болуп, ал Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Соттук-медициналык экспертиза жүрүүдө. Эми конвойго кол көтөргөндөр боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзөт", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.

Буга чейин 6-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзгөн айдоочунун иши боюнча биринчи соттук отурум өткөн. Анда кылмышка шектүү Мирлан Ажибековду конвой алып кетип бара жаткан учурда эки окуучунун жакындары ага кол көтөрүшүп, сабоого аракет кылышкан. Бирок аларды конвой токтотуп калган эле. Ошол учурда айрымдар конвойго да кол көтөргөнгө жетишкен.

Айта кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки мектеп окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү катары 1988-жылы туулган Мирлан Ажибеков аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
abusait
2017-07-08 09:17:54
Конвойдо эмне куноо? Конвойду да начальниктери басым жасап арыз жаздырдыда.
+2
Adiletto
2017-07-08 15:13:44
Конвоооооой уятко эми эркекче эле журсон болмок баспай калсанда эмне болуп. Берки тарап акча сунуштап койсо керек сага
-2
kechirmeni
2017-07-08 09:30:26
Конвой деген эмне?
-4
sungjinsystem
2017-07-08 09:35:43
kechirmeni,ковбойдун иниси -)))
+4
briliant87
2017-07-08 10:37:44
kechirmeni, базарда сатат.
+3
mir777
2017-07-08 09:41:07
конвой конвой болсон арыз жазба, болбосо конвой болбо
+2
Tolkun555
2017-07-08 11:23:38
Биздин конвой.милиция.гаишниктер ушунча чмосунарбы.бирин кыз урду деп арыз жазасын.экинчин кыз тепти деп жазасын.эми мунусу когоруп калды деп жазасын.андан коро кысып эле уйдо эле отурбайсынарбы.
-2
messi_1987
2017-07-08 14:18:40
Уят эмесби милиция арыз жазса милиция деген олумго дагы даяр болуш керек неге ант берип ата мекенди коргойм керек болсо журогумду аябоого дагы деп айтат! Айып ошол милицияда баш баланы уруп кетсе бардык ата эне ичи ачышат жини келет милициямын деп эле катуу айдаган болбойт машинаны.балким кокустук болгондур бардык эле адамда кокустук болуп турат эч кимдин башына тушпосун. ошон учун курулай доматтан кырсыктан сактасын деп ниет кылып дуба кылып туралы кыргыз элем
-2
Дарыгер
2017-07-22 23:10:02
Кырсыктан кудайым өзү сактасын. Бирок конвой өзүнүн милдетин аткарып жатат. Күнөөлөгөндөрунөр аң сезими өспөй калгандар. Конвой да бирөөнүн баласы 10000 ге иштеп жүрөт. Өзүңөр иштей албагандан кийин сын такпагыла. Законду сыйлагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан