Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши болгон жок. Буга Нуньестин ооруп калганы себеп болду

Бүгүн, 9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун алдында Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши болмок. Чемпиондук кур үчүн машыгууларды өткөрүп жүргөн Кыргыз жеринен чыккан спортчу Валентина Шевченко беттеш Нуньестин ден соолугуна байланыштуу болбой калганын жазды.

"Бүгүнкү мелдешке 100 пайыз даяр элем. 3 ай аралыгында мелдешке мыкты формада катышуу үчүн болгон аракетимди жасадым. Нуньес тез арада салмак кошуу аракетин көрүп ооруканага жаткырылды. Медициналык комиссия мушташууга уруксат бергенине карабай, ал беттешүүдөн баш тартты. Мени колдогон күйөрмандардын алдында титул үчүн күрөшө албай калганым өкүндүрөт. Бирок UFC беттешке дата койгонго чейин машыгуумду уланта берем", - деп жазат Шевченко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Azat.97
2017-07-09 09:52:36
Нуньес коркуп аткан го
+7
Midub
2017-07-09 11:59:45
Azat.97,корксо мынчалык денгээлге жетмек эмес
-7
Muslim_KGstana.
2017-07-09 10:02:00
XXX мен 4тон бери кутуп отурат элем го интернеттен козумду албай((
+3
sladkaja_konfetka
2017-07-09 10:15:29
Аябай күтүп жаттым эле...
+4
malikkkg
2017-07-09 10:20:45
Шевченко утат болчу
+4
aragorn11
2017-07-09 10:23:56
Эгерде дарыгерлер уруксат бергенине карабай баш тартса, анда коркконунан эле ооруп калды го дейм)) Бирок чындыгын кудай билет.
+12
seil....
2017-07-09 10:30:37
Аябай куттукэле окунучтуу Валентина чемпион болдун сен ал коркту
+3
Bars88
2017-07-09 11:14:08
Биз учун чемпионсун чыкпасан да.Качты да женилишин билип Нунез
0
erlist
2017-07-09 11:20:42
Чемпионский курду бериш керек анда валентинага эч себебсиз чыкпай койсо мушташка
+3
chyngyz-40
2017-07-09 11:34:13
Валентина азаматсын ийгилик сага
0
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-09 14:52:23
Валя алга барын жайлагын!!!
+1
bond02
2017-07-09 15:34:21
Опконду басып тур эми, бир кун чыгып утуп койсо коросун анан.
-3
demo009
2017-07-09 20:17:58
Үйү жакын болуп,красовкасын кийип келгени кетиптир да
0
iaau
2017-07-09 21:15:28
Опкосун чопко илип асманга учкан атат эле го , таразага тушордо эле тапкылап. Алы ошол экен ошол кылыктарын корсотпой эле койбоптур да!!!!
0
Rajab
2017-07-09 22:14:53
ушундай корунуштор конумуш болуп кетти юфсда хабибге окшоп
0
erma_18
2017-07-09 23:07:12
коркуп койду го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан