Дарья Маслова Азия чемпиондугунда экинчи алтын медалды жеңип алды

Индиянын Бхубанешвар шаарында 6-9-июль аралыгында жеңил атлетика боюнча өткөн Азия чемпиондугунда Дарья Маслова экинчи алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, кыз-келиндер арасында 10 000 метрге болгон жарышта Дарья Маслова 32 мүнөт 21 секунд жыйынтыгын көрсөтүп алтын медалдын ээси болду. Буга чейин Дарья Маслова 5000 метр аралыктагы жарышта алтын медалга ээ болгон.

Кошумчалай кетсек, эркектер арасындагы 10 000 метрге болгон жарышта Адилет Кыштакбеков 30 мүнөт 6 секунд жыйынтыгы менен коло медалдын ээси болду.

Эске салсак, Азербайжанда өткөн Ислам тилектештик оюндарында Дарья Маслова коло медалдын ээси болгон.

Дарья Маслованын Азия чемпиондугундагы жеңиши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Adil706070
2017-07-10 09:23:53
Сыйлыгын кут болсун! азаматсын,ошондо 5000метрди 10000метрди дагы бирдей ыргак менен чуркап откон болуп калат экен .баракелде
+2
FCBMESSI
2017-07-10 10:34:52
Кол чаабуулар болсун
+2
Nurin
2017-07-10 10:58:07
Mm
0
BekAmir
2017-07-10 11:07:41
Молодец куттуктайбыз!!!
0
Ali-91
2017-07-10 16:35:43
Азаматсын.Кыргыздын желегин бийиктерде желбирете бер.
0
Lion.
2017-07-10 16:39:43
Олимпиадада 69-место элен. Значит Азиялыктар чуркай албайт экен. Атак молодец Жок дегенде Азияга короз боло бер...!)
+1
Adiletto
2017-07-11 03:21:07
Lion.
Конечно тиги Африка, Кениялыктардын буттары узуун узуун болот экенда. Бирок туура айтасын короз боло берсин ээ
0
grace
2017-07-10 17:53:50
Дарья азамат, биздин кыздарыбыз ушундай катарынан алтын алып коюшат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан