Бүгүн, 10-июлда SUPER.KG`нин түз эфиринде Коопсуздук кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыровдун маеги башталды.
Учурдагы кызматка келиши тууралуу: "Жогорку окуу жайын эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөм. Ошол мезгилде эле коопсуздук маселелерине кызыгып жүргөн элем. Окууну бүтүргөндөн кийин эл аралык уюмдарда иш алып барып калдым. Эксперттик ишимдин бир топ бөлүгү саясатка, коопсуздукка байланыштуу болду. 2013-жылы достор менен биргеликте коопсуздук боюнча комплекстүү документ иштеп чыккандан кийин жумушка чакырып калышты. Анда Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, кийин катчылыгына дайындалдым", - дейт Темир Жумакадыров.
14:38. Суроо: Коргоо кеңешинин Коопсуздук Кеңеши деп өзгөртүлүшүнүн максаты эмнеде эле?
Жооп: Өзүнүн аты айтып тургандай эле Коргоо кеңеши деп көбүнчө бир багыттуу болуп калган. Мыйзамда коргоого багыт жасалган дагы жана башка коопсуздукту камсыз кылуучу башка иштер менен алектенет деп жазылып калган. Коргоо кеңеши деп башынан эле туура эмес түзүлүп калган. Коопсуздук кеңеши коргонуу дегенге караганда кеңирирээк болуп калат. Конституцияга өзгөртүү киргизилгенде Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүлгөн. 2013-жылы аскерий реформа түзүлгөн. Анын негизинде Башкы штаб түзүлгөн.
14:40. Суроо: Испан тилин билесиз. Өзүңүздү испан тилинде тааныштырып өтсөңүз...
Жооп: Жогорку окуу жайында биринчи чет тилим испан, экинчиси англис тили болгон. Испан тилин окуганда биздин ошол убакытта испан тили менен бүткөн биринчи бүтүрүүчү биз болгонбуз. Дипломдук ишимди да испан тилинде жазгам. (Испан тилинде өзү тууралуу айтып берди).
14:43. Суроо: Коопсуздук кеңеши өз ишин кандай аткарып жатат?
Жооп: Биз коопсуздук иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу мониторниг жүргүзүп турабыз. Коопсуздук кеңешинин жыйынын уюштуруп жатабыз. 2010-жылы аскерий реформа башталган. Ошонун жыйынтыктоочу фазасына келдик. Аскерий тармактар, аскерге тиешеси бар укук коргоо органдары боюнча мониторинг үстүртөн жүргүзүлгөн болсо, бүгүнкү күндө аскер органдарынын баарынын координациясынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Башкы штаб түзүлгөн. Анын алкагында кургактыктагы аскерлер түзүлгөн. Улуттук гвардия да анын карамагына кирген. Бүгүнкү күндө аскерге барууну каалагандардын саны көбөйүп жатат. Аларды турак жай менен камсыз кылуу жаатында 20 жылдан бери кезекте турган аскерлер үй алып жатышат. Мурун армиядан качып жүрүшкөн болсо азыр армияга келип жатышат. Аскерге билимдүү жаштар келип жатат. 2013-жылдан баштап коррупцияга системдүү күрөшүү боюнча жумушчу тобу түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 80ге жакын отурум өткөрдү. Алар боюнча тийиштүү сунуштамалар берилди. Сентябрда иш-чара өткөрөбүз. Терроризм боюнча да иш алып барып жатабыз. Коопсуздукка коркунуч келтирген киберкоопсуздук бар. Андан сырткары чек ара коопсуздугу, диний чөйрөдөгүлөр бар. Бүгүнкү күндө кандай гана коопсуздук маселелер болбосун мониторинг жүргүзүп турабыз.
14:49. Суроо: Күнүңүз кызыктуу башталарын билебиз. Аскерлердин даярдыктарын көрүп турасызбы?
Жооп: Жумуш ордубуз Улуттук гвардиянын аймагындагы имараттын 3-кабатында. Эртең менен бардык даярдыктарын көрүп турабыз. Жекшемби күнү тыптынч болуп калат. Анткени жоокерлер эс алышат да (күлүп).
14:50. Суроо: Келинчегиңиздин эмнесин жактырып алдыңыз?
Жооп: 1996-жылы окууга тапшырганда сентябрь айында келинчегим экөөбүз бир факультетке тапшырыптырбыз. Бир көрүп жактырып калгам. 4-курска чейин сыртынан жактырып жүрдүм. Бул арада билдиргенге аракет кылдым. Кийин жактырып жүргөнүмдү айтып, сүйлөшүп жүрүп 2003-жылы баш коштук. 3 кызыбыз бар. Сүйлөшүп жүргөндө жүрөктүн дагы, акылдын дагы орду бар деп ойлойм.
14:52. Суроо: Сирияга Кыргыз жеринен аскер жөнөтүү сунушу түштүбү?
Жооп: Расмий түрдө сунуш түшө элек. Сириянын аймагында деэскалация зоналарын түзүү талкууланып келе жатат. Бул маселе канчалык ары жылган сайын ошончолук актуалдуу болушу керек. Расмий түрдө түшсө, биринчиден, катышабызбы, кандай чара көрөрүбүз каралат. Талкуулардан кийин биздин кызыкчылыгыбыз дал келсе, биздин талаптар аткарылса, ыктыярчылар жөнөтүлүшү мүмкүн.
14:55. Суроо: Бала кезде эмнени кыялданчу элеңиз?
Жооп: Мен дипломат болууну кыялданчумун. 7-класста окуп жатканда атам колдон келсе испан тилин оку, бул тилди билген адистер жок деген эле. ЖОЖго тапшырганда испан тили жок болчу, кийин испан тилин окуткан группага туш келип калыптырмын.
14:58. Суроо: Терроризмге каршы күрөшүү тууралуу кандай чаралар көрүлүүдө? Кыргыз өлкөсүнүн атайын багыттагы аскерлери канчалык даяр?
Жооп: Бүгүнкү күндө экстремизм-терроризм маселеси актуалдуу болуп калды. Бул маселени чогуу координациялаганга аракет кылабыз. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен биздин атайын багыттагы кызматтардын аракети менен 17 теракт токтотулду. Терроризмге тиешеси бар адамдар кармалды. Кээ бирлери жок кылынды. Биздин УКМК, ИИМ жана башка тийиштүү органдар бардык колунан келген иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Бул күнүмдүк жумуш. Ошол эле Сирия, Ооганстандагы кырдаал кандай болууда. Көз чаптырып карап турабыз. 2015-жылы жабык режимде ал кезде Коргоо кеңешинин отуруму өткөн. Анда терроризмге каршы күрөшүү маселеси каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынган. 2017-жылдын жарым жылдыгы боюнча маалымат даярдап жатышат. Бул арада бир топ кишилер колго түшүрүлгөн.
15:01. Суроо: Курал алып жүрөсүзбү?
- Жок, көчөдө да, жумушта да курал алып жүрбөйм.
Суроо: Президент болуу оюңузда барбы?
Жооп: Жок, азыркы ишимди татыктуу иштеп берсем бул Кыргыз үчүн чоң салым болот деп ойлойм.
15:04. Суроо: Сирияга кетип кайра келген жарандарды коркунуч жаратпашы үчүн аларды жарандыктан ажыратууну колдойсузбу?
Жооп: Ооба, колдойм. Ал жерге барып атайын даярдыкты өткөндөн кийин ал жактан келген жарандар коркунуч туудуруу мүмкүндүгү жогору. Өз каалоосу менен ошондой иштерге барган болгондон кийин биз алардан коргонушубуз керек. Бүгүнкү күндө Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген.
15:06. Суроо: Мен милиция кызматкеримин. Мамлекеттик кызматта 7 жыл, ички иштер органдарында 2 жарым жылдан бери иштеп келе жатам. Милицияларга курулуп жаткан үйлөрдөн алайын десем 3 жылдан ашык иштеш керек деген жери бар экен. Ипотекага алайын десем алгачкы 30 пайыздык төгүмүн төлөөгө мүмкүнчүлүгүм болбой жатат. Сизге сунуш укук коргоо органда иштегендер үчүн ипотеканын өлчөмүн азайтып бере аласызбы?
Жооп: Мыйзамда үй берүү тууралуу даана жазылган. Бүгүнкү күнү 30дан ашуун үй салынып жатат. Анын ичинде ИИМ кызматкерлери үчүн да салынууда. Бул маселеге мурун системдүү түрдө көңүл бурулган эмес. Президенттин колдоосу менен үй салганга жетишип жатабыз. Аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ипотекага алуу жагын караштырып жатабыз. Жакын арада кандайдыр бир чечим кабыл алганга аракет кылабыз.
15:10. Суроо: Эмнегедир Коопсуздук кеңеши Бажы кызматын реформалап, коррупцияны жоюуга ашыкпайт. Депутаттар, ММКлар Бажы кызматынын орун басары Раим Матраимовдун бир топ мыйзамсыз коррупциялык иштерин ачыкка чыгарып жатса да Өкмөт, Коопсуздук кеңеши үн катпайт...
Жооп: Абдан орчундуу маселе экен. Биз убагында Бажы кызматындагы коррупциялык иштерди текшерип, аларды жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып сунуштап бергенбиз. Алар кандайча ишке ашырылып жатканын карайбыз. Аталган кызматкер боюнча кайрылуулар болуп текшерүүлөр жүргөн. Мыйзамсыз иштер табылса тийиштүү чаралар көрүлмөк. Бажы кызматынын ичиндеги коррупциялык иштер тууралуу далилдер болсо биз иликтеп чыгабыз. Башка кызматтарда дагы коррупциялык фактылар боюнча кайрылсаңыздар биз ар бир фактыны аягына чейин чыгып, тактап жооп берип турабыз.
15:12. Суроо: Аскердик билети жок мамлекеттик кызматка кире албайт деген чынбы?
Жооп: Укук коргоо органдарына жумушка кириш үчүн аскердик билет сөзсүз керек. Биринчи категория менен аскердик кызмат өтөгөндөр, экинчи категориядагылар бир ай кызмат өтөгөндөр. Башка мамлекеттик кызматка аскердик билеттин кереги жок.
15:14. Суроо: Сиздердин маалымат боюнча канча Кыргыз жараны Сирияга кеткен?
Жооп: Биздин УКМК берген маалымат боюнча 500гө жакын деп жатабыз. Албетте, бул жерде кээ бир учурда бизге маалымат жетпей калган учурлар бар. Биздин жарандар башка мамлекеттин аймагынан кетип жаткандар бар. Биз алар менен иштешкенге аракет кылабыз.
15:16. Суроо: Аскерлер тууралуу кеп козгоп калган соң эмнеге армияда өлүп же майып болуп кайткандардын саны жогору бойдон калууда. Эмнеге ошол аскерлердин өлүмүнө күнөөлүүлөр жоопко тартылбай, кайра акталып кетип жатат?
Жооп: Аскерлердин арасындагы өлүмдөр боюнча статистиканы караш керек. Катталган окуялардын арасында аскерлердин ортосундагы чыр-чатактар, курал-жарактарды этиятсыз колдонуу деген бар. Бүгүнкү күндө баары сонун, "дедовшина" жок деп айтпайбыз. Статистикага караганда бир топ азайганын көрүүгө болот.
15:19. Суроо: Курал-жарактарды этиятсыз колдонуу алардын даярдыгынын начардыгынан кабар береби?
Жооп: Даярдыгы жок болсо мындай окуялар көп катталмак. Улуттук Гвардияда караулда турган жоокер менен башка кызматкер айтыша кетип куралды атайын колдонгон окуя бар.
15:21. Суроо: Кыргыз Республикасынын Гимни качан кабыл алынган?
Жооп: Көз карандысыздык кабыл алынган жылы кабыл алынган. Музыкасы Калый Молдобасановго таандык. Сөзүн ким жазганы так эсимде жок.
15:22. Суроо: Спорт менен машыгасызбы?
Жооп: Спорт менен мектептен бери футбол менен машыгып келгем. Азыр бир жумада 1 жолу машыгуу залына барганга аракет кылам.
Акыркы окуган китебиңиз кайсы?
"История Енисейских кыргызов" деген китепти окудум. Кыргыздын тарыхы, Улуу кыргыз каганаты тууралуу.
15:24. Суроо: Аскердик реформа боюнча офицерлер азыр лекция жазышат. Колу менен. Бул жоокерлерге теориялык сабак катары берилет. Бул канчалык эффективдүү деп ойлойсуз. Аскерлер бири-биринин мээсин чукуй бергени көнүмүш болуп калдыбы, мисалы, жердиги, билими боюнча дискриминация Улуттук гвардияда катталат? Аскерлер үчүн эс алуу каралганбы?
Жооп: Аскерде ар бир бөлүмдүн окуу программасы бар. Ал жерде лекция түрүндө жазып алчу жерлер бар. Бири-биринин мээсин чукуй бергени аскердин деңгээлинен көз каранды деп ойлойм. Бул маселе боюнча да көңүл буруп карап көрөлү. Теория эле эмес практикалык да иш-чаралар бар. Ар бир аскер жеке өзү эс алууга чыкса болот. Дем алыш күндөрү эс алышат.
15:27. Суроо: Кандай тамактарды жасай аласыз?
Жооп: Чоң энемдин колунда жүргөндө тамак жасап жүргөм. Келинчегим командировкага кеткенде өзүбүз жасайбыз. Кыздарым мен жасаган тамактардын ичинен куурулган картошканы жакшы көрүшөт. Палоону гана жакшы жасай албайм.
15:28. Суроо: Садыр Жапаровдун өзүнө кол салышы тууралуу эмне айта аласыз?
Жооп: Окуя болгон күнү маалымат алганбыз. Ал кишиге бирөөнүн кол салышы мүмкүн эмес эле.
15:29. Суроо: Курал сатуу боюнча кандай иштер жүрүүдө?
Жооп: Жакшы суроо болду. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен талкууланган. Чек ара кызматындагы ок-дарылардын сатылышы өңдүү окуя кайталанбашы үчүн комиссия түзүлдү. Кайсы жерде кандай курал бар экени боюнча инвентаризация жүрүп жатат. Биздин сунушубуз менен ар бир курал жарактын ордунда бар же жоктугу текшерилип жатат.
15:33. Суроо: Интернетте диний-эктремисттик уюмдар иш алып барышат. Буларга кандай чара көрүлөт?
Жооп: Бул тармакта кыска мөөнөттө кабыл алынуучу чаралар каралып жатат. Терроризмге каршы күрөшүүдө киберкоопсуздук боюнча концепцияны бышырып туруп сөзсүз кабыл алышыбыз керек. Ошондо биз интернеттеги терроризмге бөгөт коёбуз.
15:40. Суроо: Өлкөдөгү диний кырдаал боюнча сизди эмне тынчсыздандырат?
Жооп: Диний жаатка өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекет көңүл бурган эмес. Ошондуктан диний чөйрөдө ар кандай агымдар пайда болгон. Радикалдашууга шарт түзүлүп калган. Ошол эле учурда жөнгө салуу механизми сунушталган эмес. 2013-жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепция иштеп чыкканбыз. Бүгүнкү күндө бир топ жумуштар аткарылды. Имамдарыбыз тың болмоюнча иш оңолбойт. Имамдарыбыздын баары аттестациядан өттү, аларга стипендия берилет. Билим берүү тармагында маселелер бар болчу. Светтик билим берүүдө дүйнөлүк диндердин тарыхын мектеп программасына киргизип жатабыз. И.Арабаев атындагы университеттин алдында колледж ачылган. Имамдардын деңгээлин көтөрөлү деп жатабыз. Эгерде диний чөйрөдө түзүлгөн абал мамлекеттин коопсуздугуна кедергисин тийгизсе, диний тармакка кийлигишкенге мамлекетте укугу бар деп тактап алганбыз. Бүгүнкү күндө медреселердин ишин иретке келтиришибиз керек. 95 медресе бар. Алар кандай иш алып барат, ал жакта окугандардын жашоо-шарты, кандай мугалимдер сабак берип жатат, кимдер окуп жаткандыгын тактап ал тармакты иреттеп алышыбыз кажет.