КСДПнын съездинде президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги расмий сунушталды

КСДПнын съездинде Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги президенттик шайлоого расмий сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда аталган партиянын курултайында белгилүү болду.

Съездде партиянын мүчөлөрү президенттик шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги ылайыктуу экенин айтышты. Буга кошумча, Жээнбековдун өкмөт башчы болуп турганда аткарган бир катар иштери тууралуу айтып, өзүн массалык маалымат каражаттары аркылуу пиарлабаганын баса белгилешти.

Курултайга партиянын мүчөлөрү, КСДП фракциясынын депутаттары катышууда. Партиянын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов съездди ачык деп жарыялап, сөз сүйлөдү. Андан соң аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов сөз сүйлөп, президенттикке талапкерлердин саны учурда 30га жакындап калганы -Кыргыз мамлекетинде демократия бар экенин көрсөтүп турат деп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан