“Чыныбай Турсунбеков өзүн президенттикке көрсөтсө, ага КСДПда орун болбойт”, - деди аталган партиянын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов. Ал мындай пикирин бүгүн, 15-июлда КСДП партиясынын XVI съездинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Фарид Ниязов буга дүйнөлүк практиканы жүйөө келтирип партия бекиткен талапкерди баары колдошу керек экенин айтты.
“Партиянын уставы, бардык мүчөлөрдү партиянын чечимин аткарууга милдеттендирет. Ал эми съезд партиялык башкаруунун башкы органы. Ким бул партиянын уставын аткарбаса, ал мүчө үчүн партияда орун жок”, - деди Фарид Ниязов.
Бүгүн улуттук филармонияда КСДП партиясынын съезди өтүп, президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү.