"Тартип" жабык акционердик коомунун директорунун милдетин аткаруучу Алена Артеменко бүтүрүүчүлөрдүн аттестатындагы катаны алар кетирбегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
"Ката биздики эмес экени далилденген. Техникалык катаны оңдогонго жардам берип жатабыз. Жакынкы күндөрү окуучулар туура жазылган аттестаттар менен камсыз болот", - деди ал.
Эске салсак, быйыл өлкө аймагында айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы орто билими жөнүндө аттестаты жараксыз болуп чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги ката басмакана тарабынан кетирилгенин билдиришкен. Анда аттестаттын сыртына жазылган "Кыргыз Республикасынын" деген сөздүн аягында "н" тамгасы жазылбай калган.