Төө-Ашуу аймагындагы унаа жолду оңдоо планын үзгүлтүккө учуратканы үчүн "Бишкек-Ош" жолунун дирекциясынын башчысы кызматтан алынат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы тилкенин абалын көрүп чыкканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолу дирекциясынын ишин мурда аныкталган ремонт мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн катуу сынга алганы маалым болду. Мындан улам Жээнбеков дирекция башчысы Изатбек Токтомамбетов өз милдеттерин аткарбагандыгы, өкмөттүн тапшырмасын жана ремонт ишинин графигин үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн кызматынан алына турганын айткан.

Аталган жол тилкесин оңдоо иштери 2017-жылдын 30-майында башталары тууралуу маалымат берилген.

"Көрсө, оңдоо иштери жакында гана башталыптыр. Калк тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун начар абалы боюнча тынымсыз даттануулар келип түшүүдө. Күн сайын аталган магистралдан 2 миңге жакын унаалар каттайт. 45 күндөн бери болгону 2,5 чакырым жол оңдолгонуна ишенүү кыйын. Эгерде күндүз аба ырайы ишти жүргүзүүгө тоскоолдук кылса, анда түнкү убакытта жүргүзүүгө болот. Каржылоодон көйгөй жок, бардык зарыл техника берилген. Айрым аткаруучулардын кайдыгер мамилеси жана кесипкөй эместигинен бардык күнөө өкмөткө коюлууда", - деди Жээнбеков.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, азыркы учурда 2,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлгөн. План боюнча 12 чакырымга асфальт төшөлмөк. Бул тилке үчүн 98 миллион сом бөлүнгөн.

Жээнбеков министрликке жолдун ремонтун 15-августка аяктоону тапшырды. Эгерде берилген тапшырма аткарылбаса, жооптуу жетекчилер мыйзам алкагында жазаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2017-07-19 17:54:21
Ошол жол онолбой койду ишчилер аябай жай кыймылдайт экен мен коп отом байкайм эптеп эле кеч кирсе кетсем болду дейтго айлык иштеген ишине жараша эмес айына кун отсо толоно берет окшойт
+1
Ma9
2017-07-20 00:44:40
Менин тууганым ичтейт айлыгын 3 айда бир зорго алышат ошонго чейин карыз .болуп анысыда жакшы толошпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан