Бишкекте бүгүн, 20-июлда эне жана баланын саламаттыгын сактоодогу прогрессти тездетүүгө арналган Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү аралык симпозиум башталды. Ага Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, эл аралык уюмдардын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз өлкөсүнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, аймактардан келген дарыгерлер катышууда.
Жолугушууда 10го жакын өлкөдөн келген саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперттер эненин жана ымыркайдын ден соолугун бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.
"Саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди чечүү үчүн эл аралык, бир өлкөнүн ичиндеги аймактардын адистеринин ортосундагы жолугушуулары маанилүү ролду ойнойт. Бүгүн эртең менен өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген коноктор жолугушканда жүздөрүндө жылмаюу менен бири-бири менен учурашты. Демек, бири-бириңиздер менен жолугуп, маселелерди талкуулап турат экенсиздер деген жыйынтык чыгарсак болот. Кыргыз өлкөсүндө былтыр 6 миллионунчу ымыркай төрөлдү деп айтылды. Эгер эне жана баланын саламаттыгын бекемдөөгө багытталган иш-чараларды жүргүзсөк, жарандардын саны тездик менен көбөйөт", - деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык бюросунун директору Ярно Хабихт.
Уюштуруучулар буга чейин 3 күн бою кыргыз дарыгерлерине тренингдер өткөрүлгөнүн айтышты.