Легендарлуу “Элес” тобу кайрадан бирикти. Бул тууралуу топтун жетекчиси Актан Исабаев SUPER.KG порталына маалымдады. Анын айтымында, топ 12-июль күнү борбордогу эс алуучу жайлардын биринде чакан кечесин өткөргөн. Ал эми сахнага чоң концерт коюуну шайлоодон соң, күз айларына пландап жатышат. Топтун учурдагы курамында Актан Исабаев, Адил Чекилов, Нурлан Мамбетов жана Нурсултан Раимбеков бар.
“Топту кайрадан чогултуу идеясы меники. Себеби “Элес” тобу бир убакыттарда аябай популярдуу болуп, жетишерлик күйөрман топтогон. Аны ошол боюнча калтырып, топту чачыратып салуу мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө өзүм чет жактарга көп чыккандыктан ал жактагылардан иштешүү боюнча аябай көп сунуштар болууда. Буюрса, топтун атын чет өлкөлөрдөн угуп калышыңыздар мүмкүн. Азыр алдынкы пландарыбыздын бири ушул”, - дейт ырчы.
“Элес” тобу 1985-жылы Алишер Ишимов тарабынан негизделип, 2002-жылы тарап кеткен. Кийин топтун мүчөлөрү айрым концерттерде гана чогулуп ырдашпаса, расмий түрдө биригип чыгышкан эмес.
"Элес" тобунун репертуарындагы белгилүү ырлар: "Ты мне нужна", "Никогда", "Фея". Ал эми топтун "Медиа-порталдагы" баракчасы бул жерде.