Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июлда “Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери” эл аралык форумунда Кытай, Япония латын арибине өтпөй эле өнүгүп жатканын айтты.
Мамлекет башчы латын арибине өтүү Экономикага пайда алып келет деген туура эмес экенин айтты. “Кытай жана Япония латын арибисиз эле өнүгүп жатпайбы.Түрк тилдүү элдин жалпы бир тилге өтүүсү ишке ашпаган идея. Хакас, алтай эли шартка байланыштуу кошула албайт. Аларды дагы карайлы, унутпайлы. Латын ариби бириктирбей эле бөлөт”, - деди ал.
Бүгүн "Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери” эл аралык форумунун ачылышы өттү. Ага Алмазбек Атамбаев, Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. Форум 21-23-июлга чейин Ысык-Көл облусунда улантылат.