Карганбек Самаков, Игорь Чудиновдун иши боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылып, ишти башка сот карай турган болду

262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталып жаткан Карганбек Самаков, Игорь Чудинов, Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин иши боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылып башка сот карай турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда SUPER.KG`ге Карганбек Самаковдун жактоочусу Нурдин Дүйшөнбеков билдирди.

"Негизи соттук иштин бардык баскычы аягына чыгып калган. Бүгүнкүгө белгиленген отурумда айыпталуучулардын биринин акыркы сөзү айтылып, андан соң соттун чечими чыгышы керек эле. Бирок бүгүнкү боло турган соттук отурум тууралуу, бул ишти карап жаткан сот Чыңгыз Адамкуловдун жардамчысына байланышканыбызда, ал соттук отурум кийинкиге жылдырылып башка сот карай турганын айтты", - дейт Нурдин Дүйшөнбеков.

Андан сырткары ал башка сот ишти кайра башынан карап баштаса бир жарым жылдан бери созулуп келе жаткан соттук отурумдар текке кетерин кошумчалады.

"Бул соттук иштер 2016-жылы ноябрь айында башталган, иштин жүрүшүндө баш аягы 60тан ашуун күбө суракка алынып, көрсөтмөлөрүн беришкен. Эми жаңы дайындалган сот иштин бардык фактылары менен кайра башынан таанышып, күбөлөрдү башынан угуп анан жыйынтык чыгаруусуна туура келет. Бул жерде биздин эле эмгек текке кетпестен, ишти кайра башынан карап чыгуу үчүн деле мамлекет канча коромжу болот", - дейт Нурдин Дүйшөнбеков.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан