4 жыл мурун "Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген Калия Арабекова Таластын сотторуна ишенбегендиктен анын иши Бишкек шаарында каралуусун талап кылат. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Соттун алдында активисттер катышкан иш-чарада кайрылуу жасады.
"Бул 2013-жылы болгон, андан бери мына 5-жылга карап жатат. Ошондон бери такыр акыйкаттыкты таппай келебиз. Талас шаарынын сотторуна ишеним артпайбыз деп даттануу жазып жатып, менин ишимди Жогорку Сотко чейин карашкан. Кайра эле кандайдыр бир жолдор менен Таласка жөнөтүшүп алар эркиндикке чыгып кетишти. Мен Таластын сотторуна ишенбейм. Эмне себептен десеңер мага зомбулук мамиле кылгандардын баары мурда ошол Талас шаарында сот түзүмүндө иштешкен, азыр туугандары иштешет. Мына ошол себептен азыр Жогорку Соттун алдына келип талап кылып жатам", - дейт Калия Арабекова.
Ошондой эле ал бардык далилдер турса да убакытты созушуп, күнөөлүүлөрдү актоо аракеттери болуп жатканынан алар жазасыз кала береби деп тынчсызданып жатканын айтат.
Мындан сырткары ал анын жактоочуларына Таласта коркутуулар орун алып, ошондуктан алар бара албай жатканын да кошумчалады.
"Таласта мага коркутуулар болуп үйүмдү талкалап салышкан, ошондуктан үй-бүлөмө зыян келбесин деп Бишкекте жүрсөм менин ишимди Талас шаарына жөнөтүшүптүр. Ал жакта мен эле эмес, жактоочуларыма да коркутуулар болуп жаткандыктан алар да Таласка бара албайт. Мен жактоочусуз кантип соттук отурумга катыша алам?" - дейт Калия Арабекова.
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары "2013-жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташкан" деп шектелишкен. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташканы айтылган. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүлгөн.