Ичине бычак сайылып жатып калган кыздын видеосу интернетке тарап, ал атайын уюштурулган оюн болуп чыкты

25-июль күнү саат 16:00 чамаларында Бишкектеги "Дордой" базарында бир кыздын ичине бычак сайылып, ал жерге жатып калганы боюнча видео интернетке тараган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, бул окуя кыздын элдин көңүлүн бурдуруу үчүн атайын уюштурган кылыгы болуп чыкты. Анын айтымында, кызга бычак сайылган эмес. "Эч кимге, эч кандай бычак сайылган эмес, болгону бул кыз элдин көңүлүн өзүнө буруу үчүн уюштурган оюну болуп чыкты. Видеодо кыз ичине бычак сайылгандай абалда болуп жолго жатып алганы гана тартылган, бирок эл чогулуп калганда ал ордунан туруп алып басып кеткен экен", - деди Оморов.

Бул оюнду уюштургандарга чара көрүлөт.

"Видеого тартылган кыз жана аны тартып алгандар кимдер экендиги аныкталды. Мындай кылыктары үчүн аларга чара көрүлөт", - деп кошумчалады Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2017-07-26 12:01:59
О оюнун менен жерге кир. Адамдар балээни ушинтип озубуз чакырып алабыз да
+9
Arlenchik
2017-07-26 12:26:17
ХХХ кылган кылыктарын кара, оюнун мн жерге кир кимдер экени аныкталса жазага тартып андай нерсени экинчи кайталагыс кылгыла.
+4
admin_superstan
2017-07-28 10:13:42
Arlenchik, этика нормаларын сактаңыз.
0
ayjan_90
2017-07-26 12:32:29
Озуно пияр уюштурганго
+2
izdeim_seni
2017-07-26 12:57:44
Даана го)
+1
pixduel1
2017-07-26 12:58:58
Пранк болсо керек да ))
+1
BakytAliev
2017-07-26 17:27:10
Пранк тартыптырда атан гору ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан