Украинанын президенти Петр Порошенко Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилини Украинанын жарандыгынан ажыратуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик миграция кызматынын сайтына жарыяланды.
Саакашвилини жарандыктан ажыратуу боюнча президенттин указы чыгып, ал боюнча бардык материалдар Башкы прокуратурага, Украинанын президентинин алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссияга жана миграциялык кызматка жиберилген. Бирок Порошенконун расмий сайтында Саакашвилинин жарандыгынан ажыратуу боюнча маалымат жарыяланган жок.
Өткөн жылы күздө губернаторлук кызматтан кеткен Саакашвили Петр Порошенкону кескин сындап келген. Эске салсак, Саакашвили 2015-жылдын 30-майында Украин жарандыгын кабыл алган. Бул буйрукка президент Петр Порошенко кол коюп, ошол эле күнү Саакашвилини Одесса облусуна губернатор кылып дайындаган. Саакашвили Грузиянын президенттиги кызматында турганда өзү чыгарган буйрукка ылайык, кош жарандуулук алууга жарандарга тыюу салынган. Бул буйруктун негизинде, 2015-жылдын 4-декабрында Саакашвили Грузия жарандыгынан чыгарылган.
Саакашвили 2008-2013-жылдарда Грузиянын президенти болуп шайланып, кийинки президенттик үчүн жарышта утулган соң Украинага өтүп кеткен. Буга Саакашвилиге карата Грузияда бир канча кылмыш иштери ачылганы себеп болгон.
Ошентип, жыйынтыгында Михаил Саакашвилинин эч кайда жарандыгы жок калды. Чет элдик маалымат булактарынын иликтөөлөрүндө Саакашвилинин Нидерландыдан баш калка суроо мүмкүнчүлүгү бар деп жазышат. Себеби анын аялы Сандра Рулофс Голландиянын жараны болуп саналат. Мындай жол менен барыш үчүн Рулофс күйөөсү боюнча миграциялык кызматка кайрылуусу шарт. Эгерде анын Нидерландыда үйү болсо, миграция кызматы Саакашвилиге убактылуу жашап турууга уруксат берет. Бул үчүн Саакашвили өзү Грузиядагы Нидерландынын консулдугуна кайрылуу жасашы керек.