Министрлик: "Арча-Бешик конушунда дааратканадан табылган ымыркайдын абалы оор"

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бүгүн, 31-июлда дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ымыркайдын абалы оор экенин билдирди.

"Дааратканадан табылган кыз бүгүн саат 11:30да "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага алып келинген. Салмагы 3 килограмм 396 грамм. Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилованын айтымында, ымыркайдын абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Үшүп калган жана аспирациондук синдром (дем алуу жолдоруна зыяндуу заттар кирип кеткен) деген диагноз коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Ажатканада төрөлгөн ымыркайдын энеси изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
birtanem
2017-07-31 15:58:15
Аллах озун ыйман бер! Кандай Энесин , кандай инсансын журогум ооруп кетти го.. ажжатканага таштабай бироонун короосуна таштап койсон деле болмок шайтан алгыр. Ал баланда не куноо. ? Айла жоктон кылдым деп актанарсын,ыйлайсын..билем. Оломдон башканын баарынын айласы бар..
+6
shirin_kyz88
2017-07-31 16:12:16
О дуйного барганда дагы, сени ошол наристе кыйналгандан дагы беш бетер азап кутуп турат сени билгин ошол кунуну. Наристеге ден соолук каалайм, жакшы болуп кетсин ылайым.
+4
aigul08
2017-07-31 16:12:34
бала деп зарлаган канча адам журот. Убалы уктатпайт го
+8
aerforce
2017-07-31 16:27:25
Ошол наристени кантип таштады мен төөмө көтөруп багып алмакмын мага берсе ХХХ экен энеси эми бул жашоодо адашты анын эмне болгонун биз билбейбиз тушунбойбуз бирок баланы эмнеге дааратканага таштайсын бир адамдын эшишине ташта эч болбосо акмак десе
0
Tansuluu09
2017-07-31 16:30:30
Жырткычтарда оз баласын антпейтко
.................. Баланын унуно зар болсун .....
0
alina2016
2017-07-31 16:33:30
Ээх... бирөөгө зар, бирөөгө кор... ташап жатканда эмне жөнүндө ойлойт болду экен?
0
Nargiza1987k
2017-07-31 16:35:17
Ар бир ыйы сени тынч жаткырбасын ХХХ.
0
admin_superstan
2017-07-31 17:21:20
Nargiza1987k, этика нормаларын сактаңыз.
0
Nuura
2017-07-31 16:45:42
Урматтуу Super.Kg баланы кантип багып алса болот жана ага кандай документтер керектелет.Ушул жонундо маалымат берип коёсуздарбы?Чоон рахмат!!!
+1
admin_superstan
2017-07-31 17:20:59
Nuura, саламатсызбы? Жашаган жер боюнча социалдык коргоо башкармалыгына кайрылып көрүңүз.
-3
dinikyz
2017-07-31 16:55:53
Озудагы куноого батып наристенида кыйнап эмне деген акмак эне дааратканага таштагандан коро балдар уйуно таштабайсынбы эч жакшылык корбой кал. Наристеге кудайым озу шыпаасын берсин кыргызымдын эн алдынкы кыздарынан болуп чонойсун ааминь.
+3
yasmina_kg
2017-07-31 17:03:30
Мындан кийин бала корбой калсын убагы келгенде балага зар болуп отсун.
+2
myslimaaa
2017-07-31 17:21:43
Бироого кор бироого зар деген ушул да, жолдошум экообуз 7 жылдан бери балалуу боло албай журобуз.
+2
Baku88
2017-07-31 17:32:28
Ушуга окшогон адам деген атка татыксыз макулуктар азайып калды эле дагы пайда боло баштаган тура кудай сазайын берсин ким таштаса да
0
sna_kg
2017-07-31 17:32:45
Ушундай аялдарга олум жазасын берсе.жатканда уялбаган торогондо уят бекен.
0
zoiy_asad2014
2017-07-31 20:50:02
Неге ушуга окшогондорго бала берет болду экен
+2
Lilia11
2017-07-31 22:32:56
Ичинден чыккан ийри жыланды таштагае кандай кукук эне болдун экен? Наристеге омур каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан