Райкан Төлөгөновдун сотунда Искендер Бакиевдин кеңсесинде мурда иштеген кызматкер көрсөтмө берди

Бүгүн, 3-августта мародёрчулукка шектелген мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун соттук отуруму өтүп жатат. Соттун жүрүшүндө Искендер Бакиевдин (Жаныш Бакиевдин уулу) кеңсесинде мурда иштеген Элнура Осонкулова күбө катары суралды.

Ал сотто далил катары колдонулуп жаткан 3 сүрөттү Искендер Бакиевдин офисинен көргөндүгүн айтты. Ага 3 сүрөттү Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери аныктоо үчүн көрсөткөндө ал сүрөттөр Искендер Бакиевдин кеңсесинде илинип турганын көргөндүгүн айтып берди.

"Менден мурда сурак алышканда 3 сүрөттү көрсөтүшкөнү эсимде. Аларды азыр унутуп калдым. Бирок ал сүрөттөрдүн бирин азыр да так элестете алам. Ал Искендер Бакиевдин Бишкектин Москва көчөсүндөгү кеңсесинде тепкич менен чыкчу жеринде илинип турчу", - деди күбө Осонкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан