Караколдо дайынсыз делген банк кызматкеринин Орусияга кетип калганы белгилүү болду

Каракол шаарында дайынсыз делип изделип жаткан банк кызматкеринин жүргөн жери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июль күнү Каракол ШИИБине 1950-жылы туулган Галина Ивченко арыз менен кайрылып, 1988-жылы туулган Екатерина Лященко аттуу кызы 27-июлда жумушка кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Екатерина Лященко 27-июль күнү саат 12:45ке чейин иштегени жана ага чейин кардарлардын банктык картасынан адашып, 182 миң сом карыз болуп калганы боюнча түшүнүк кат жазганы белгилүү болгон. Бирок ал акчаны аз убакыттын ичинде ордун толтуруп, жумуштан бошотуу боюнча арыз жазган.

"Екатерина Лященко 28-июль күнү саат 14:22де Бишкек-Москва аба каттамы боюнча "Манас" аэропортунан каттоодон өткөн. Азыркы тапта Орусияда анын жүргөн жерин тактоо боюнча иштер жүрүүдө", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Айта кетсек, буга чейин Екатерина Лященконун ушул жылдын 27-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экени айтылып, изделип жаткан болчу. Ал Каракол шаарындагы банктардын биринде иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nargiza1987k
2017-08-03 15:22:21
Иши кылса аман бекен аман болсо болдуда
+7
kychan.98
2017-08-03 16:34:39
Жакшынакай кыз экен.
+5
Hadyja
2017-08-03 15:22:40
Качып кеткен го
-2
modem4999
2017-08-03 15:25:32
Берки эки сурот кимдики?
-2
baiel2015
2017-08-03 16:20:23
Биз жакта да бир орус кыз баласын алып кетип калган куйоосун алдап.
0
Nanei
2017-08-03 16:23:44
Качпай эле акчасын толоп анан жумуштан бошонгон депатбайбы!
+8
admin_superstan
2017-08-03 17:07:16
Syn4y, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
ady-88
2017-08-03 17:27:15
Эмнеси болсо да энесине айтып кетсе болмок
+2
RusMos76
2017-08-03 18:36:39
Орустар да алып качканды уйронуп алышканбы дейм да
0
Hadyja
2017-08-03 19:36:23
Соо киши,жондон жон эле эч кимге айтпай кетип калбайт да,ботом.3-баласы бар болсо
0
tular
2017-08-03 23:38:52
Мурда да ушул Азия Банкынан кызматчысы элдердин паспортторун чогултуп кредит алып качып кеткен. Ушул Банк менен колдонуудан корком жана сунуш кылбайт элем. Ушул Банктын ызы-чуусу коп...
+1
AKCAHAT
2017-08-04 01:00:23
Ырас кылыптыр, тим эле жумушка славянский улуттагыларды алабыз только дешип алардын укугун озгочо коргошуп болбой калышат кыргыз байкуштар))) кун коргонсуп орустардан
+4
Aibekaiym
2017-08-05 00:14:37
Куйоосу милиция.Билгендер айтып жататго куйоосу начар адам деп кун корсотчу эмес деп.Банктын акчасын кайтарып бериптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан