БШК Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирилди

"Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышуу укугун камсыздай албагандыгы үчүн айыптады", - деп билдирди бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына жактоочу Таалайгүл Токтакунова.

Анын айтымында, чечимде БШКны Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирди.

БШКнын басма сөз кызматы SUPER.KG'ге билдиргендей, соттун чечими аталган комиссияга түшө элек. Чечим түшкөндө расмий жооп бере тургандарын билдирди.

Эске салсак, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тизмеси боюнча Текебаев 26-июлда кыргыз тили боюнча сынакка катышуусу керек болчу. 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаевдин иши каралып жатканда анын жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчтү четке каккан. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү БШКга бул маселени чечип берүү талабы менен кайрылган. БШК бул боюнча сотко кайрылуу керек экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан