Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселеси тууралуу билдирүү таратты.
"Сот БШКнын Текебаевди тил сынагына катыштыруу же катыштырбоо боюнча чечимди кабыл албагандыгын гана тааныды. Сот БШКны бул маселени чечип берүүгө милдеттендирген жок", - деп айтылат БШКнын маалыматында.
Эске салсак, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тизмеси боюнча Текебаев 26-июлда кыргыз тили боюнча сынакка катышуусу керек болчу. 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаевдин иши каралып жатканда анын жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчтү четке каккан. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү БШКга бул маселени чечип берүү талабы менен кайрылган. БШК бул боюнча сотко кайрылуу керек экенин билдирген. Кечээ, 3-августта Бишкек шаарынын райондор аралык соту БШКны Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендиргени айтылган.