Якутиядагы суу каптаган шахтадан Алишер Мирзаев аттуу жумушчу табылды, дагы 8 кенчи изделүүдө

Якутиянын Мирный шаарындагы суу каптаган шахтадан изделип жаткан 9 жумушчунун бири табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Ага ылайык, кечээтен бери изделип жаткандардын арасынан бүгүн, 5-августта Алишер Мирзаев аттуу кенчи табылып, куткарылган.

"36 жаштагы Алишер Мирзаев 2009-жылдан бери кен казуучу шахтада иштеп келет. Ал шахтанын 410-метринде калган. Куткаруучулар аны чыгаргандан кийин медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылды. Мирзаев катуу үшүп калган, абалы азыр оор. Бирок өмүрүнө коркунуч келтирген жаракаттар жок", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 4-августта Якутиядагы "Алроса" кен ишканасына тиешелүү шахтаны суу каптап кеткен. Кырсык болгон учурда анда 151 жумушчу болгон. Анын ичинен 142 жумушчу куткарылып, калган 9 кенчини издөө иштери улантылып жаткан.

Аталган компания изделип жаткандардын төртөө Белгород шаарынын, бешөө Мирный шаарынын жашоочулары экенин билдирген.

Якутиядагы суу каптаган шахтадан жумушчулардын бири табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AzKumFerDan
2017-08-06 02:47:30
Алишер дегени Оштук озбек болуп журбосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан