Ысык-Көл облусунда үч жол кырсыгы катталып, алардын биринде айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-август күнү түшкө маал Ак-Суу районунда Митсубиси Галант үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, натыйжада унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Унаанын ичиндеги эки адам болсо ооруканага жеткирилген.
"Ошол эле убакта Каракол-Балыкчы унаа жолунун 105-чакырымында Жигули менен Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми 6-августтан 7-августка караган түнү Жети-Өгүз районунда Фольксваген Гольф 2, BMW Х5 жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.