Бүгүн, 7-августта Айдын жарым-жартылай тутулуусу Европа, Азия, Африка жана Австралиянын айрым жерлеринде байкалат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Date and time сайтынын маалыматы боюнча, Айдын тутулуусу Бишкекте саат 23:22де башталат, саат 00:20да аны толук көрсө болот. Бул көрүнүш 8-августта саат 01:18де аяктайт. Айдын тутулуусу башталганда ал кызарат.
Ал эми 2 жума өткөн соң 21-августта Күн тутулат. Ага АКШнын бардык жашоочулары күбө болушат. Окумуштуулардын айтымында, ошол маалда күндүз эле Күн кирип кеткендей болот.