Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 9-августка караган түнү аталган райондун Беш-Бала айылынын Гагарин көчөсүндө болгон. Анда Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаа менен Хундай Кари үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.
Каза болгон жана жабыркаган адамдар Жалал-Абад шаардык ооруканасына менчик унаалар менен жеткирилген.