Ысык-Көлдө эки жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Көз жумгандардын арасында ата-бала бар

Ысык-Көл облусунда эки жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-август күнү саат 20:00 чамасында Липенка айылынын кире беришинде болгон. Анда Фольксваген Венто үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып, даракты сүзгөн. Анын кесепетинен 1967-жылы туулган Б.Т. (айдоочу) жана 2010-жылы туулган Т. уулу А. (айдоочунун баласы) каза тапкан. Ошондой эле айдоочунун 12 жаштагы баласы оор абалда Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген.

"Ал эми экинчи жол кырсыгы 9-август күнү саат 20:10 чамасында Түп районунда болгон. Анда Хонда Стрим менен Фольксваген Пассат сүзүшкөн. Натыйжада эки машинанын айдоочулары окуя болгон жерден каза болушкан", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
momun74
2017-08-10 11:31:26
кандай эле чондор тушунушпойт бул кырсыктар жон жерден эмес азандын унун акырындатып салгандыктан карапайым калк жабры тартып жатат Аллахка жакпаган иштен алыс болсок жакшы болмок
+3
Patriot7
2017-08-10 12:01:30
momun74, сенин кулагына Алла Таала шыбырап кеттиби же козун ачыкпы?!! Азан менен авариянын ортосундагы байланышты корсот!!! Эртен велосипед тебе албай кулап тушсон да азандын уну себепкер болот экен да ээ?!

Кок эшектен кулап тушсон да азандын уну себепкер болобу, катуу чыкпады деп?!! Атамбаев, уйкусу канбай калса да Бакиевден корчу, запойго кирип кетсе да Бакиевден корчу, кыскасы жок жерден тантыганды койгула.....
-7
momun74
2017-08-10 12:10:53
Patriot7,билдейт окшойсуз азан уну чыкпай калган кезде бул деген услуга окшотуп акырындатып салган деген мааниде ажуч мажуч адамдарга кенен кол сала баштайт экен бул дегени ушул кырсыктарда
+2
Patriot7
2017-08-10 15:11:38
momun74, сен дарыланбасан болбойт, болбосо молдо-кожолор дем салсын...
-1
momun74
2017-08-10 22:03:11
Patriot7,сен биртнчи озун дарылан мага асылбай. сен молдого дем салдырып ал бастырып кулду басып алган коруносун
+1
asmera
2017-08-10 12:02:53
momun74, Кеп "азандын үнүндө" эмес, кеп - унаа башкарган адамдын айдоочулук тажрыйбасында, жол эрежелерине (белгилерине) болгон мамилесинде жана жоопкерчилигинде.
+2
moskoy
2017-08-10 12:05:54
momun74,азандын уну айкырган олколордо жардыруудан атышуудан кырылып жатышатко бей куноо адамдар.
+4
asmera
2017-08-10 12:11:38
moskoy, Эздиң го тууган, эздиң! Баятан бери күлкүмү токтото албай, араң жазып жатам ушуну.
+4
asmera
2017-08-10 11:50:39
Соңку мезгилдерде унаакырсыгынан каза болгондор ого эле көп болуп кетти го, урматтуу жол көзөмөл кызматкерлери. Жаңылыктарды ачсаң эле ушундай маалыматтар көзгө чалдыгат. Дарактын же кызмат унаасынын артына жашынып, таяк көтөрүп чыга келгенди токтотуп, чыныгы "шумахерлерди", "блатнойлорду" кармабайсыңарбы! Бирок, эң негизги күнөө - ушундай "тупой" айдоочуларды даярдаган автомектептерде жана аларга айдоочулук күбөлүгүн тапшырган ички иштер органдарында!
+8
Patriot7
2017-08-10 12:05:33
Какшап эле келебиз, жол кыймылын козомолго салуу учун реформа керек деп... Мисалы кечоо Сузакта айыл ичинде 2 унаа сузушуп 5 каза болду. Эгер айыл ичинде машинелер саатына 60км ылдамдыктан ашпаса, ДТП болгондо да адамдар олмок беле?!! Даракты сузгон айдоочу машинесин жай айдаса кесепети ушундай болоор беле?!! Кырсыктын себептери катуу ылдамдыкта унаа айдоо, он рулдуу унаа айдап каршы тилкеге чыгуу, мас абалында унаа айдоо. Буларды иреттеп кою кыйын иш эмес го!!!!!
+3
Ayida
2017-08-10 12:54:53
Баарын окубай сатып алды деп куболуко шылтоо кылабыз. Бирок мен бир нерсени айткым келет.Казакстандан Алматыда бир киши чыккан адам карап жана адамдарды козун ачып мазарга алып барган укмуш адам келген.Ошол кезден баштап Казактарда авария коп боло баштаган.Азыр ойлоп корсом бизде да мазарга ошолордун артынан ээрчип толуп кетти кыдырмай мазарга.Казахстан дагы мазарга озубуздогу мазарга барып ак сурп жаап жинди болуп атышат. Мына ушуну Аллахга шерик кошуу дейт.Ушуну токтотуу керек болбосо токтобой
0
asmera
2017-08-10 13:23:06
Ayida, "...Казакстандан Алматыда бир киши чыккан адам карап жана адамдарды козун ачып мазарга алып барган укмуш адам келген". Эмне деген "укмуш","көңүл көтөрүүчү" сүйлөм ээ туугандар! Адегенде чыгыптыр, андан кийин келиптир. Кайдан чыкты, кайда келди? Ким түшүнсө - маанисин жазып койгулачы...
+5
Patriot7
2017-08-10 15:13:43
Ayida, мазар менен авариянын байланышы эмне, же авария болгондор мазарга барган деп жазылып турабы?!! Акыркы кезде сандырак ой-пикир айткандар эле кобойуп кетти.....
+4
temirov76
2017-08-10 23:20:09
Patriot7,азандын үнүнү азайтып же жашообузда шарият мыйзамыга каршы келген эмелер көбөйгөн сайын жер титирөө сел каттуу шамал жолдо кырсыктар көбөйө берет,бул АЛЛАХтын пендем көзүңдү ач деген белгиси.
-2
Ayida
2017-08-10 12:58:28
Боло берет.Менин жеке ойум жана кошумча адамдар шашып айдап калышат бир нерседен кур калгандай.Сактансан Кудай сактайт.Бирок реал айтам Сулай тоого Ошто Бишкекте ата бейитке Байтик баатыр ж.б барып атышат каждый воскресение шаардыктар жана башка жактан келгендер башка кундору.Ишенбесенер барып коргуло дооруп арбак суйлоп атат атан нааразы дешет адамдардын башын айландырып
-4
asmera
2017-08-10 13:26:17
Ayida, "...Сулай тоого Ошто Бишкекте ата бейитке Байтик баатыр ж.б барып атышат". Демек, Байтик баатыр жана башкалар Оштогу Сулайман тоого жана Бишкектеги Ата-Бейитке барып аткан экен да. Кайран гана Байтик баатыр атабыз, Сулайман тоону көрүш үчүн 131 жылдан тирилип келген турбайбы
+4
Patriot7
2017-08-10 15:14:25
asmera,))))
+1
Altysha89
2017-08-10 16:23:01
Эмне дешимди да билбей калдым.... акыркы мезгилде саат сайын окуп калдым авария авария, өлдү дегендерди. Бир чара көрушбөйбу тиешелүү жактар бир ай аралыгында мейли эки ай жетиштүү го кырсыктардын санын азайтып жөнгө салууга. Иштебей эс алып эстери ооп жүргөндорун далилдеп жатышат. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери строга болсо, законго баш ийбеген айдоочуга штраф салып тойун таанытып турушса бей ажал өмурлөр кыйылбайт эле. .. кептин баары биздин креслодогу кызматкерлерде болуп жатбайбы. .
0
Boy1990kg
2017-08-10 18:50:54
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан