Ошто троллейбус айдагандар жумуш ташташты. Мэрия өкүлү айдоочулардын нааразычылыгы 50 сом болуп жатканын айтат

Ош шаарында троллейбус айдагандар жумуш ташташты. Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов SUPER.KG'ге айдоочулардын жумуш таштоосунун себебин айтып берди.

Анын билдиришинче, айдоочулар ар бир каттам үчүн мэрияга төгүп жаткан акчанын 50 сомго жогорулашына нааразы.

"Ар бир каттам үчүн төлөнүүчү сумма 300 сомго көтөрүлгөнүнө нааразы болушууда. Буга чейин 250 сом болгон. Азыр алар менен сүйлөшүп жатабыз", - деди Романов.

Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган 35 троллейбус бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
R_u_S
2017-08-10 12:02:27
Бир күндө бир эле каттам кылмак беле...
+2
Mirkgz-1990
2017-08-10 12:05:34
50 сом учун деп Бир кундо 4 рейс кылса 200 сом болуп жатпайбы
+9
R_u_S
2017-08-10 12:36:15
Mirkgz-1990,Айына 6000миң оңойбу деп кой
+10
Riokyrgyz
2017-08-10 14:09:29
Mirkgz-1990,бир рейсине эле 300 сом болуп жатат,Мурда 250 болчу экен,азыр 50 сомго кымбаттаптыр.4 рейс кылса 1200 сом
+2
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-10 12:25:54
Шабашкасы андан канча жсе көп. Өздөрүнүн шабашкасынан мамлекетке бөлүшкүсү келбей жаткандай)
-5
grace
2017-08-10 12:36:57
Ошто автобус, троллейбуста жол кире 6 сом турат, Бишкектен 2 сомго арзан. Ошону эске алгыла.Студенттер, окуучулар да аз төлөшөт.
+10
danik0101
2017-08-10 13:10:52
grace,туура адам да аз борборго караганда.
+3
Shaa-82
2017-08-10 13:21:10
grace,6 эмес 8 экен мен откондо бир тушком студент кезди эстеп))).
Т.б. Автобустарда мурдагыдай адам жокго же эми студенттер келсе башталабы? Баары бир туура эмес 250 сом да нормале акчаго
-2
samsungc3
2017-08-10 13:10:34
Ошондо күнүнө мурда 250сом төлөшсө,эми 300сомго көтөрүп коюштубу?

0
grace
2017-08-10 13:52:41
Мекендештер, эмнени айтып отурасыңар? Ал 50 сом мэриянын жумуруна да жук болбойт. Ал эми 50 сом үчүн болбогон акчага байкуш эл дагы чыдап иштеп жатат. Эми алар да гастарбайтер болуп тентип кетсинби... Кипкичинекей көпүрөнү салып 8 миллион кетти деп жатышат го, ошондон миллиондоп кымтып жеп. Биздин желмогуздарга миллион деген жутуп коюш оңой эле. Керек болсо дагы 50 сом кошуп берип нормалдуу шарт түзсүн элге.
+2
Tyty1990
2017-08-10 15:18:49
Ошто эң жакшысы жөө жүргөн эле жакшы.
+2
baha1985
2017-08-10 17:33:41
50 болгону которулду дейт 30 Кун 50 сом толосо 1500 болот 1500 ун алса ошол айдочунун уйбулосуно 1 айга жетет аны мэрия алып койсо болбой калат карапайм калкка 1500 чооон акча чынында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан