Бишкектеги №11-троллейбустун айдоочусу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандусту түшүрүүдөн баш тартып, сынга алынууда

Интернетке Бишкек шаарындагы троллейбустун айдоочусу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды унаага салуудан баш тарткандагы видеосу жарыяланды. Бул абалды видеого "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар - принт" долбоорунун өкүлдөрү тартып алган.

Видеодо №11-троллейбустун айдоочусуна пандустарды түшүрүп, арабада отурган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды салууну өтүнүшкөн. Троллейбуста пандустар бар болгону менен айдоочу бул сунуштан баш тартып, унааны айдап кеткен.

"Коомдук транспорттун айдоочуларынын мамилеси мына ушундай! Өздөрүнүн түздөн-түз милдетин да толук аткарышпайт!", - деп жазышкан долбоордун өкүлдөрү.

Видеонун авторлору айдоочудан "Менин убактым жок, шашып жатам. Биз күн тартиби менен иштейбиз", - деген жооптуу уккандарын кошумчалашкан.

Айдоочу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды салбай кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dastan_nookat
2017-08-12 14:09:29
Бир чара коруш керек ушуга окмот
+7
sirgak_92
2017-08-12 14:34:25
Россияда Казакстанда айдоочу чуркап келип автобуска салат тушуп атканда да айдоочу тушурот.Минткен туура эмес чара колдонсун
+5
Oylonkyrgyzym
2017-08-12 14:36:20
Булар атайын тартып жаткан экенда.
Ошентип тантып сүйлөгүчө салбайбы майыптарды тезиреек.
Ал жерге көп токтогонго болбойт.
Муну мен провакация деп эсептейм.Бир жакшына өз жумушун аткаргандарга атайын кычалануу деп айтам.
+6
momun74
2017-08-12 14:56:52
Oylonkyrgyzym,макул бегун жакындары салышсын эртен майып адам озу чыкса аны ким салат которуп сизби?
+6
grace
2017-08-12 15:09:14
Майыптарды сөзсүз колдоо керек, троллейбуста пандус эмне үчүн жасалган, Кудайдан деле сооп алат го жардам берсе..
+5
ayjan_90
2017-08-12 15:11:37
Мен да тушунбой калдым айдоочу озу салыш керекпи тушуп копко эле токтоп турдуго тиги орус киши копко суйлобой жардам бербейби майыптарга коляскасын туртуп алып киргени артынан маршрутка келди анан айласы жок жылды да
-3
jonne
2017-08-12 15:35:20
Негизи шарты боюнча пандусту троллейбусдун айдочусу тушуруп бериш керек болсо керек . Ошону текшерип атышат Бишкек дагы жаны троллейбус баарбы деп ичимен жаман болуп атам
+3
juma82
2017-08-12 16:03:03
водитель пандусту тушуруш керек тушунбогондор
+4
Adi97
2017-08-13 00:27:30
Aidoochu tushurup berishi kerek,al mildeti aidoochunun
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан