"Реал Мадрид" Испания Суперкубогунун биринчи оюнунда "Барселонаны" жеңип алды

Испания Суперкубогунун алкагында "Барселона" жана "Реал Мадрид" клубдарынын беттеши орун алды. Суперкубоктун биринчи беттеши "Камп Ноу" стадионунда өтүп, "Реал Мадрид" 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун 1-таймы 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. 50-мүнөттө "Реал Мадриддин" футболчуларынын чабуулун "барселоналык" Жерар Пике жыйынтыктап, өзүнүн дарбазасына гол киргизди. 77-мүнөттө Лионель Месси пенальтиден гол киргизип, эсепти теңдей алды. 4-мүнөт өтпөй алмашууга чыккан Криштиану Роналду таамай сокку менен эсепти 2:1ге өзгөртө алды. 88-мүнөттө Роналду экинчи сары айып кагазын алып, талааны таштаганга аргасыз болду. "Реал Мадрид" клубунун оюнчулары азчылыкта калганына карабай эсепти 3:1 кылганга жетишти. Акыркы голду "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Марко Асенсио киргизди.

Бул жыйынтык менен "Реал Мадрид" футболдук клубу жооптук оюнда артыкчылыкка ээ болот. Жооптук беттеш 17-августта Сантьяго Бернабеу стадионунда орун алат.

Барселона - Реал Мадрид 1:3

Голдор: Месси 76-мүнөттө (пенальтиден), Пике 50-мүнөттө (өз дарбазасына), Роналду 80-мүнөттө, Асенсио 90-мүнөттө

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Nureles92
2017-08-14 11:25:04
Неймар кетип барселона сынганго
+3
Lewa90
2017-08-14 12:13:57
судяга соз жок барсага бир гол белек кылды
+11
monok2001
2017-08-14 12:43:09
Неймардын жоктугу аябай эле билинди,Бейл ото коп аракет кылды бирок гол жок.Оюмча быйылкы сезондо Асенсио негизги курамда ойнойт окшойт.Реалыма ишенимим ото чон!!!
+3
Kanybek121195
2017-08-14 13:11:07
Ой ой ой хахаха хала Мадрид судья ачык еле тартып жатты
+5
Ibanurkb
2017-08-14 13:52:40
Судья менен кошулуп 12 оюнчу Неймардын ордун бастыго ))))) Суарес актер !!!дайте ему ОСКАР )
+5
nemo2016
2017-08-14 14:31:50
Реал пиарин мн жерге киргиле хахаха ПСЖ турганда
-1
Ibanurkb
2017-08-14 20:25:44
nemo2016,Барсанын глорлору эми ПСЖга жан тарта
Башташкан го))))
0
madrid7000
2017-08-14 14:55:05
Суарес театрга барып ойно бул оюнунду
+1
KaiMak
2017-08-14 15:22:48
Эми оюн го кысыпле отугулачы,Озунорду поляга чыгарса кыйрата тургансып
+3
kanybek1986
2017-08-14 15:24:18
Соз жок судья га Барселона неймарды сатып судьяны сатып Аллан окшойт чота
+1
kanybek1986
2017-08-14 15:24:48
Сатып алган окшойт
+1
FCBMESSI
2017-08-14 15:38:14
Бирде Реал бирде Барса урушпагыла
+1
bolush11
2017-08-14 16:53:55
Судья сатылган же Барсанын фанаты Ронду не зачто удалил
+1
Altysh_Boldush
2017-08-14 17:51:48
Реалдын тренери белгилеп айтып кети перед мачт! Неймардын ордун башка оюнчу баса албайт. Биз учун коп деле кыйынчылыкты жаратпайт деп айты. Неймар псж да голевой пас м-н 1 гол урду. Неймар псж кеткенде. Рамос айты, реал учун жакшы жанылык деп. Барсанын президенти Неймардын суротун кучактап ыйлады окшойт:))
-1
Dante
2017-08-14 22:58:02
Барсаны малагада жөн жеңет эми неймар жок
+1
Makkambaev97
2017-08-15 13:42:09
Реал ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан