Олимпиаданын 8 жолку чемпиону, жөө күлүк Усэйн Болт "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен "Барселонага" каршы кайрымдуулук беттеште ойнойт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Аталган беттеш 2-сентябрда "Олд Траффорд" стадионунда орун алат. Болттон тышкары кайрымдуулук оюнга "Манчестер Юнайтед" клубунун легендалары Райан Гиггз жана Пол Скоулз катышат. Буга чейин ямайкалык жөө күлүк өзүн профессионалдык футболдо сынап көрүүнү айтып жүргөн.
Эске салсак, ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу маалымдаган. Ал Олимпиаданын 8 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунда 11 жолу чемпион аталган. Жалпы эсеп менен Усэйн Болт 8 жолу рекорд койгон.